ОИИББдин атайын даярдыктагы бөлүктүн жоокерлери. Архив

Пакистандык студенттерди карактады деп атайын даярдыктагы бөлүктүн жоокери кармалды

197
(жаңыланган 10:18 27.03.2018)
Шектүүлөр пакистандыктардын жатаканасына кирип барып, күч колдонуп машинага салып кеткен

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Чүй ОИИББдин атайын даярдыктагы бөлүктүн жоокери каракчылыкка шектелип кармалганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 25-мартта саат 23:50лөр чамасында Пакистандын жарандары каракталганы боюнча маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Бишкек ШИИБ менен Ленин РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган.

"25-мартта болжол менен 19:30дар чамасында Пакистандын үч жараны жашаган жатаканага бейтааныш эки киши келип, алардын колуна кишен салып, күч колдонуп, телефонун жана акчасын алып машинага салып кетишкен. Андан кийин коркутуп, 2000 доллар талап кылган", — деп айтылат маалыматта.

Бейтааныш кишилер жабыркагандардын бирөөнү талап кылынган акчаны таап келүү үчүн коё беришкен. Жабырлануучу акчаны таба албагандан кийин милицияга кабарлаган.

Шаардык милициянын кызматкерлери шектүү жаранды кылмыш жасаган жеринен кармап, алар 28 жаштагы Ш.Ж. жана 23 жаштагы Ч.Э. экенин аныкташкан. Ошондой эле 28 жаштагы жаран Чүй облустук ИИББдин атайын даярдыктагы бөлүктүн жоокери экени такталган.

"Тинтүү учурунда кармалгандардын жанынан жабыркагандарга таандык уюлдук телефон жана кишендин ачкычы табылган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин каракчылык жана опузалоо беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Иш боюнча сот-медициналык экспертиза дайындалып, ИИМдин ички тергөө кызматы менен Ленин РИИБдин өкүлдөрү тарабынан кармалгандардын жетекчилери да текшерилүүдө.

197
Белгилер:
кылмыш иши, опузалоо, каракчылык, милиция, тергөө, Бишкек
Тема боюнча
"Газпромго" жумушка киргизем деп элден ири суммада акча алган киши кармалды
Уурдалган акчанын 64 миң долларын кымырып алган милиционерлерге иш козголду
Кишендер. Архив

Төрт айдын ичинде Кыргызстанда 8 миң киши кылмышка барган

21
Кылмыш кылганы аныкталган 8 миң кишинин 16,5 пайызы аялдар, 4,7 пайызын жашы жете элек балдар түздү. Булардын 54 пайызы эч жерде иштеген жана окуган эмес.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын төрт айында республика боюнча кылмыштуулуктун саны 31 пайызга өстү. Январь-апрель айларында өлкөдө 8 миңге жакын адам кылмыш кылганын Башкы прокуратурага шилтеме берип Улуттук статистика комитети жазды.

"Төрт айда Кыргызстанда 17,5 миң кылмыш катталган. Бул 2020-жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 31 пайызга көп дегенди түшүндүрөт. Кылмыштардын 60 пайызы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган", — деп айтылат билдирүүдө.

Кылмыштын көбөйгөн түрлөрү:

  • алдамчылык — 1,7 эсеге;
  • уурулук — 30 пайызга;
  • тоноо – 10 пайызга;
  • адам өлтүрүү — 21 пайызга;
  • зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу — 17 пайызга;
  • ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү – 11 пайызга;
  • кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу — 21 пайызга;
  • ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо — 2,3 эсеге;
  • паракорлук — 14 пайызга;
  • баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү — 29 пайыз.

Кылмыш кылганы аныкталган 8 миң кишинин 16,5 пайызы аялдар, 4,7 пайызын жашы жете элек балдар түздү. Булардын 54 пайызы эч жерде иштеген жана окуган эмес.

21
Белгилер:
статистика, өсүү, кылмыш, Кыргызстан
Тема боюнча
Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө көз жумган өспүрүм. Эки экспертиза дайындалды
Ошто студенттерден пара алууга шектелип камалган декан үй камагына чыкты
Чек арачы. Архив

Сөөк ашуусундагы жол кырсыкта бир чек арачы каза болду

113
(жаңыланган 12:28 24.06.2021)
Окуя кечээ, 23-июнь күнү, Ысык-Көл облусунда болгон. Айдоочу Сөөк ашуусунда бара жатканда рулду башкара албай, автоунаа оодарылып кеткен.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматынын аскери кызматтык милдетин аткарып жүрүп жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Кырсык кечээ, 23-июнь күнү, Ысык-Көл облусунда болгон.

"Коюлган тапшырманы аткаруу үчүн үч аскер жүк ташуучу автоунаа менен жүк алып бара жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу Сөөк ашуусунда рулду башкара албай, автоунаа оодарылып кеткен. Кесепетинде айдоочу ооруканага жетпей жолдо каза болуп, эки аскер ар кандай жаракат алды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жол кырсыгы боюнча тергөө иштери башталып, окуя кандай жагдайда болгону такталып жатат.

113
Белгилер:
өлүм, жол кырсык, Аскер, чек ара, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
15 жаштагы бала айдап... Ноокаттагы 6 киши көз жумган кырсыктын чоо-жайы
Лампа. Архив

Эртең Бишкектин 39 жеринде электр кубаты өчүрүлөт. Тизме

0
Түндүк электр" ишканасынын бригадалары трансформаторлордун подстанцияларын оңдоп, өткөргүчтөрдү орнотуп, дагы башка иштерди жасайт.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жума күнү, 25-июнда, Бишкектин бир топ жеринде электр кубаты өчүрүлөрүн "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Бригадалар трансформатордун подстанцияларын оңдоп, өткөргүчтөрдү орнотуп, дагы башка иштерди жасайт.

Электр энергиясы убактылуу өчүрүлө турган аймактар:

  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Ала-Тоо, Арча-Бешик (Чортеков, Бердибаев, Садыбакасов, Ойсул-Ата көчөлөрү), Ак-Ордо (Ара-Көл, Улуу-Тоо, Улук-Тоо, Макмал, Бештектир, Терек-Сай көчөлөрү), Орок (Кочкор-Ата көчөсү) жана Ак-Босого (Архитектор, Түлөбердиев, Саадаев, Ынтымак, Манас жана Чүй (№17, 21 үйлөр) көчөлөрү) конуштарында болбойт;
  • 9:30-12:00 — Тунгуч кичи районундагы №1, 3, 12, 4, 17,17/2 үйлөрдө;
  • 9:30-18:00 — Сельсовет, Жамгырчинов, Месарош, Ильменская, Серпухов, Волков, Бөкөнбаев көчөлөрүнүн тилкелеринде жана Манас проспектисинде өчүрүлөт. Орто-Сай айылындагы Рысмендиев, Кумар жана Иманалиев көчөлөрүнүн жашоочулары электр кубатысыз калат;
  • 9:30-19:00 — Кийизбаева, Каменная, Токтоналиев, Ахунбаев, Орозбеков, Васильев, Элебесов көчөлөрүнүн тилкелеринде жана Ботаника кууш көчөсүндө;
  • 10:00-15:00 — Көк-Жар конушунда (Куйручук, Санжыра көчөлөрү);
  • 11:00-14:00 — №88 мектепте өчүрүлөт.
0
Белгилер:
эскертүү, өчүрүү, электр кубаты, Бишкек
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Эртең-бүрсүгүнү айрым аймактарда сел жүрөт