Ошто 20 миң сомго сатылган небере: туугандары ымыркайды алуудан баш тартты

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОшский специализированный центр реабилитации детей и семьи
Ошский специализированный центр реабилитации детей и семьи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ымыркай 11 күндүк кыз экени белгилүү болду

ОШ, 26-мар. — Sputnik. Ош шаарында 20 миң сомго сатылган ымыркайды туугандары алуудан баш тартты. Бул тууралуу Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын юристи Гүлзина Раева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин Ички иштер министрлиги чоң эне өз небересин 20 миң сомго сатып жаткан жеринен кармалганын маалымдаган.

Бирок Раеванын айтымында, баланы чоң энеси эмес, таенеси сатканы маалым болду.

"Ымыркайдын төрөлгөнүнө 11 эле күн болуптур. Кыз бала экен. Учурда мыйзамдуу өкүлү катары аны Ош шаарындагы үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна өткөрүп бердик. Аталган борбор ымыркайды алты айга чейин карап берүү милдетин алды. Ал эми кыздын өз апасынын аны багууга мүмкүнчүлүгү жок экени аныкталды. Бир тууган эжесине кайрылсак өзүнүн үч баласы бар экенин, дагы бир баланы багууга шарты жоктугун билдирди. Көз жарган келиндин сиңдисинин дагы баланы багууга мүмкүнчүлүгү жок экен. Таенеси болсо камакта. Ал эми ымыркайдын атасы тууралуу азыр такыр маалымат жок", — деди Раева.

Ал ошондой эле ымыркайдын энесинен башка дагы жакындары багып алуудан баш тартса, бала соттун чечиминин негизинде асырап алууну каалаган үй-бүлөгө берилерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0