Ош: небересин 20 миң сомго саткан аял үй камагына чыгарылды

Жазылуу
Эгерде ымыркайдын энесинин жакындары баланы багып алуудан баш тартса, анда ымыркай сот чечиминин негизинде асырап алууну каалаган үй-бүлөгө берилет

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ош шаарында небересин 20 миң сомго саткан таене соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты ИИМдин маалымат кызматы тастыктады.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Борбор Азия боюнча балдар өлүмү эң аз өлкө болду. Рейтинг
Эске сала кетсек, Ош шаарында 59 жаштагы аял 11 күндүк небересин 20 миң сомго сатып жаткан учурда милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 124-беренеси (адам сатуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ымыркай ошол замат Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми аталган башкармалык ымыркайды калаадагы балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна жайгаштырган. Наристе аталган борбордо алты айга чейин каралат.

Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын юристи Гүлзина Раеванын айтымында, ымыркай кыз бала экендиги белгилүү болду. Ымыркайдын энесинин бир туугандары аны багып алуудан баш тартышкан. Кыздын атасы тууралуу азырынча маалымат жок.

Ал кошумчалагандай, эгерде ымыркайдын энесинин жакындары баланы багып алуудан баш тартса, анда наристе сот чечиминин негизинде асырап алууну каалаган үй-бүлөгө берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0