Кемероводогу өрттөнгөн соода үйүнүн администратору камакка алынды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЗаседание суда по делу о пожаре в ТЦ «Зимняя вишня» в Кемерове
Заседание суда по делу о пожаре в ТЦ «Зимняя вишня» в Кемерове - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каргашадан 64 адам каза тапты

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кемероводогу Заводский райондук соту өрткө кабылган "Зимняя вишня" соода борборунун администратору Надежда Судденкону камакка алганын РИА Новости агенттиги сот залындагы кабарчысына шилтеме берип жазып чыкты. 

Последствия пожара в ТЦ «Зимняя вишня» - Sputnik Кыргызстан
Кемероводогу кырсыктан көз жумган маркумдардын баарынын сөөгү табылды
Маалыматка караганда, Судденко 25-майга чейин абакта болот. Ошондой эле сот күзөтчүнү дагы камакка алуу чечимин чыгарган. Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча кароолчу өрт чыккан маалда сигнализацияны өчүрүп койгон.

Айыпталуучу бул чечимге каршы арыз жазууга белсенип жатат. Жактоочу дагы аялды үй камагына чыгарууну суранган. Бирок тергөөчүлөр ал эркиндикте болсо качып кетип же тергөөгө жолтоо болуу менен күбөлөргө басым көрсөтүшү мүмкүн деген жүйө келтирген.

Мындан башка дагы үч адамга чечим чыгарылат. Алардын арасында компаниянын техникалык директору, өрт сигнализациясы менен алектенген адамдар бар.

Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборунда жекшемби күнү өрт чыккан. Анын кесепетинен 64 ада көз жумган. Бүгүн маркумдардын сөөгү жерге бериле баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0