Кытайлыктарга Кыргызстанда иштөөгө көп квота берилгени боюнча иш козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековПапка с надписью "Дело". Архивное фото
Папка с надписью Дело. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмыш иши Мамлекеттик миграция кызматынын адисине карата козголгон

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Чет элдик жарандарга Кыргызстандын аймагында иштөөгө мыйзамсыз уруксат берилгени боюнча кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

Замминистра экономики КР Данияр Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Иманалиев: ишкерлерге шарт түзүү үчүн лицензиялар беш эсеге азайды
Маалыматка ылайык, иш Мамлекеттик миграция кызматынын (ММК) адисине карата Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча козголду.

Текшерүү учурунда 2017-жылдын октябрь айынын башында эле чет элдик жеке ишкерлер үчүн квота аягына чыккан. Мындан улам ММК жетекчилиги тарабынан чет элдик ишкерлерден документтерди кабыл алуу токтотулган.

"Бирок 2017-жылдын 26-октябрында ММКнын бир бөлүмүнүн башчысы чет элдиктерге иштөөгө уруксат берүүнү тапшырган. Иштей турган жарандардын тизмесин да берген", — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратура ушу кезге чейин Кытай жарандарына берилген уруксат жокко чыгарылган эмес, мындан тышкары, квотадан тыш дагы 5 ишкерге уруксат берилген. Бул аракеттердин баары лицензия берүү мыйзамын бузган.

Ушу тапта тергөө иштери улантылып жатат.

Баса, Кыргызстан дал ушул Кытай мамлекетине баарынан көп карыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0