БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Борбор калаанын “Орто-Сай” базарында бир контейнерден өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан “Орто-Сай” базарында контейнер күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 21.48де эки унаа чыгып кеткен.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы кырсык болгон жерге барганда өрт өчүрүлүп бүткөн. Ал контейнердин ичиндеги бир аз товарлар күйгөнүн кабарлады. Өрт чектөөгө алынып, толугу менен саат 22.18де өчүрүгөн.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте велосипедчен адамды тротуарда турган жеринен жеңил автоунаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Sputnik редакциясына кырсыкка күбө болгон адам кабарлап, видеокөзөмөлгө тартылып калган кадрларды жиберди.
Күбөнүн айтымында, окуя кечээ, 19-апрелде, Түштүк магистралда болгон.
Видеодон көрүнүп тургандай, жөө адамдар өтчү чийинден өтүп барып тротуарга токтогон велосипедченди жолдон чыгып кеткен минивен артынан сүзөт.
Кайгуул милициясы менен Тез жардам кызматынан маалымат такталып жатканын айтышты.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кара-Балтада белгисиз адамдар автоунааны аткылап кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.
Бүгүн, 20-апрелде, саат 08:00дөр чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Б.Н. аттуу жарандын короодо токтоп турган унаасын белгисиз адамдар аткылап кеткени боюнча маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлерине 45 жаштагы Б.Н. түнкү саат 03:30дар чамасында катуу үн угуп, бирок маани бербегенин, эртең менен унаасын көргөндөн кийин гана милицияга кабарлаганын айткан. Toyota Camry үлгүсүндөгү унаага эки ирет ок чыгарылган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголду. Тергөөнү ИИМ менен ИИББ жетекчилери көзөмөлдөөдө.
"Окуяга эмне себептен милициянын жетекчилиги көңүлүн бурду" деген суроого ИИББдин маалымат кызматы буга ок атуучу куралдын колдонулганы себеп болгонун билдирди.
ЖМКлардын маалыматына караганда, автоунаа саясий партиялардын биринин лидерине таандык. Айрым маалыматтар боюнча, кеп "Элдик-Народная" партиясын жетектеген Назми Бадалов жөнүндө болуп жатат.