Бөтөлкөлөшүнөн бычак жеген киши ошол жерден мүрт кетти

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи поножовщины по пьянстве
Случаи поножовщины по пьянстве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ичип отурган эки киши мушташа кетип, бири экинчисин ичке, бетке жана чекеге сайып жиберген

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Ичип отуруп бөтөлкөлөшүнө бычак уруп, өлтүрүп алган деп шектелген киши убактылуу тергөө абагына отургузулду. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Брошенная кукла во дворе в поселке Симунье, ЮАР - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте ара төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды
102 кызматына борбордогу үйлөрдүн жанында канга чыланган киши жатканы туурасында маалымат келип түшкөн.

Милиция окуянын чоо-жайын иликтеп чыккан. Ага ылайык, ичип отурган эки киши мушташа кетип, бири экинчисин ичке, бетке жана чекеге сайып жиберген. Анын кесепетинен 33 жаштагы киши өмүрү менен кош айтышкан.

Аталган факты боюнча Бишкектин Ленин райондук милициясы Кылмыш кодексинин 97-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде иш козгоду.

Буга чейин Кыргызстанда аракечтик кайсыл облустарда көп кездешери кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0