"Ала-Тоодогу" окуя: тойго баргандар тоок этинен башка нерселерге да ууланган

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРабота сельской больницы в Новгородской области
Работа сельской больницы в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанына үлпөт тойго баргандар тоок этинен даярдалган тамактан ууланганын билдирди.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бирок ооруканага жаткандардын арасында тоок этин жебегендер да болуп чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары ооруканада жаткандардын абалынан кабар алып жүрүп билди.

Нургүл аттуу аял ресторанга барган эмес. Ал үлпөт тойго барган кошунасынын үйүнөн кешик ооз тийип ооруканага жатып калган.

"Бул үлпөт той бешинчи күнү кечинде болгон. Эртеси ал жакка барып келген кошунабыз "тойдон ооз тийгиле" деп чакырган. Тоок деле жеген эмесмин, куурулган кызыл балыктан ооз тийгем. Ошону менен кечке жуук дене табым көтөрүлүп, чыйрыгып чыктым. Дары ичсем деле жакшы болгон жокмун. Ошентип дем алыш күнү жатып жакшы болбой, дүйшөмбү күнү ооруканага келип ууланганымды билдим", — деди Нургүл айым.

Ал эми той өткөргөн адамдардын кошунасымын деп бирок аты-жөнүн айткысы келбеген адам башында тамактан ууланганын билбей, сасык тумоого каршы дарыларды ичип жүрө берген.

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш коопсуздугу боюнча бөлүм башчысы Айнура Ахматова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ахматова: "Ала-Тоо" ресторанына 25 миң сом айып пул салынды
"Бул эми кокустук болуп калды окшойт. Мен тооктун этинен эле шектенип жатам. Анткени жылкы бир күн калганда союлуп, бышырылат. Андан күмөн санабай эле койсо болот. Тойдон сала келген тооктун этин түштө балдарым жебей кеткенинен мен жеп койгом. Ошондон кийин эле өзүмдү жаман сезе баштадым. Алматы, Мерке, Сузак, Чаткалдан да тойго кудалар келди эле. Алар эмне болду экен?" — деди бейтап.

Эске салсак, 31-марттан тарта ооруканага кишилер кайрылып, алардын "Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойдон кийин жабыркаганы аныкталган. 3-апрелде болсо ооруканага кайрылгандардын саны 230 кишиден ашкан болчу.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева учурда аталган ооруканада жалпы 59 бейтап калганын, алардын көбү бүгүн үйлөрүнө чыгарын билдирди.

"Учурда ооруканада тойдогу тамак-аштан ууланып 55 чоң киши жана кичинекей төрт бала жатат. Бүгүн алардын көбү үйлөрүнө чыгарылат. Ууланып ооруканага жаткандардын ичинде турмушка чыгып жаткан келин, той ээсинин аялы да бар болчу. Ал эми реанимацияга оор абалда үч адам жаткырылган. Алардын бири 63 жаштагы аял, ал тойго барбай эле үйдөн кешик ооз тийип ууланыптыр. Дагы бир 7 жашар кыз, апасы менен тойго барып ууланып реанимацияга жаткырылган. Учурда алардын да абалы турукташып палатага которулду", — деди Узакбаева.

Санэпидкөзөмөл борбору ресторан текшерүү аяктаганга чейин жабылганын билдирсе, шаардык милиция уулануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон

Жаңылыктар түрмөгү
0