"Арча-Бешикте" үч баланын энесин өлтүрдү деп шектелген жаран кармалды

Жазылуу
Милициядан маалымдашкандай, кылмыш болор күнү шектүү менен маркум арак ичишкен

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин кызматкерлери "Арча-Бешик" жаңы конушунан аялды өлтүрүүгө шектелген киши кармалганын шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 5-апрелге караган түнү мыкаачылык менен киши колдуу болгон келиндин сөөгү табылган. Шектүү катары 25 жаштагы жаран кармалды.

Милициядан маалымдашкандай, кылмыш болор күнү шектүү менен маркум арак ичип, чатакташа кетип, эркек киши аялды сабап салган. Ал алган жаракатынан улам көз жумган.

Каргашанын кесепетинен үч бала энесиз калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0