Ноокат: айылдаш кыздарды коруган балдар бир кишинин өмүрүн алды. Эки окуянын чоо-жайы

Жазылуу
Сабалган жигиттин бири ооруканадан каза болду

ОШ, 7-апр. – Sputnik. Ош облусунун Ноокат районундагы Бостон айылында бири ур-токмоктон көз жуумп, дагы бири сабалган жигиттер эки башка окуянын каармандары болуп чыкты. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жениш Аширбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, биринчи каргаша 30-мартка караган түнү саат 2.00дөр чамасында болгон. Коңшулаш Гүлистан айылынын 32 жаштагы жашоочусу Бостондо жашаган 18 жаштагы кыз менен баш кошуу максатында жолугуп жүргөн.

"Маркум аталган айылда сүйгөн кызы менен сүйлөшүп турган учурда жергиликтүү эки жигит аны сабап салган. Ал алган жараатынан улам ооруканага жаткырылган. Жабырлануучу аны ур-токмокко алгандардын үстүнөн милицияга арыз жазган эмес. Бирок ооруканага түшкөндө окуя тууралуу милицияга кабар берилип, шектүү катары 19 жана 21 жаштагы Бостон айылынын жашоочулары кармалган. Аларга карата Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси боюнча (бейбаштык) кылмыш иши козголуп, бир айга камакка алынды. Окуядан беш күн өткөн соң жабырлануучу Ноокат райондук ооруканасында каза болду", — деди Аширбаев.

Учурда шектүү эки жигитке карата коюлган беренени башка беренеге алмаштыруу каралууда.

Ал экинчи окуянын видеосу 6-апрель күнү тараган. Анда топ бала бир жигитти жана кызды сабап жатканын көрүүгө болот. Аширбаев видеодогу окуя боюнча Ноокат райондук милициясы иликтөө жүргүзгөнүн билдирди. Натыйжада ал дагы 30-март күнү саат 14.00дө Бостон айылында болгону аныкталган.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Арча-Бешикте" үч баланын энесин өлтүрдү деп шектелген жаран кармалды
"Топ балдар тарабынан сабалган жигит Гүлистан айылынын 23 жаштагы жашоочусу болуп чыкты. Ал Бостон айылында жашаган 18 жаштагы кыз менен сүйлөшүп жүргөн. Окуя болгон күнү да кызына жолугуу үчүн барган. Жергиликтүү жигиттер "биздин айылдын кызы менен сүйлөшпө" деп ур-токмокко алып, видеого тартып алышкан. Жабырлануучу бул тууралуу милицияга арыз менен кайрылган эмес. Окуя териштирүүгө алынган соң гана жигит да, кыз да аларды сабаган жигиттерге карата арыз жазды", — деди Аширбаев.

Ал ошондой эле жабырлануучуну ур-тепкиге алган делинип Бостон айылынын жети жашоочусу кармалгандыгын кошумчалады. Учурда райондук милиция тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Жабырлануучу жигит ооруканага кайрылган эмес. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуянын күбөлөрү суралып, тиешелүү материалдар чогултулуп жатат.

Милиция аталган эки окуяда тең улут аралык маселе жок экенин, уруш бир эле улуттун өкүлдөрүнүн ортосунда чыкканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0