Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл пунктуна жакын жерден кишинин сөөгү табылды

Жазылуу
Учурда 40-45 жаштагы маркумдун өлүмү боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, ким экендиги такталууда.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Дунларов" көзөмөл өткөрүү пунктуна жакын жерден эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

40-45 жаштагы эркектин сөөгү 8-апрель күнү саат 10.00дөр чамасында көзөмөл өткөрүү пунктунун кызматкерлери тарабынан табылган. 

Маркумдун өлүмү боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, ким экендиги такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0