"Ата-Түрк" паркынан бомба табылган жок. Телефон чалды деген киши кармалды

© REUTERS / Sergei KarpukhinКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саат 17.25де Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына "Ата-Түрк" паркына бомба коюлду деген маалымат түшкөн

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы "Ата-Түрк" паркына бомба коюлгандыгы тууралуу телефон чалды делген адам кармалганын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн, 8-апрелде саат 17.25дер чамасында Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына "Ата-Түрк" паркына бомба коюлду деген маалымат түшкөн. 

"Аталган жерге УКМКнын жана ИИМдин ыкчам тобу барып, парк курчоого алынган. Түшкөн маалымат такталган жок. Эч кандай бомба коюлбаптыр. Телефон чалды деген киши кармалды. Азыр кылмыш иши козголо элек болгондуктан, аны шектелип жаткан киши деп айта албайбыз", — дешти УКМКдан.  

Коопсуздук кызматы толук маалыматты кийинчерээк бере турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0