"Макмалдагы" митинг: өрттөн улам фабрика эмнеден кол жууду

Жазылуу
Эл негизинен алтын кенинен чыккан уулуу калдыктардын иштетилиши адам ден соолугуна зыян алып келип жатканын айтууда.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Казармандагы "Макмал" алтын өндүрүүчү фабрикасындагы өрттөн улам "Джи Эл Макмал девелопмент" компаниясына таандык эки "КамАЗ", эки экскаватор, бир "ЗиЛ" үлгүсүндөгү автокран, эки контейнер, бир административдик, беш өндүрүштүк имарат күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Уюлгуган кара түтүн, жаалданган эл. Макмалдагы өрттүн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Уюлгуган кара түтүн, жаалданган эл. "Макмалдагы" өрттүн видеосу
Эскерте кетсек, 11-апрелде жергиликтүү калк алтын ылгоочу заводдун курулушуна каршы митингге чыгып, жаңы салынып жаткан курулушка өрт койгон

Эл негизинен алтын кенинен чыккан уулуу калдыктардын иштетилиши адам ден соолугуна зыян алып келип жатканын айтууда. Тургундар буга чейин 10-март күнү да акция уюштурушкан. 

Ал эми кечээки күндүн жыйынтыгы менен премьер-министр Сапар Исаков абалды ушуга чейин жеткирүүгө жол берген Тогуз-Торо районунун акимин иштен алды

Жаңылыктар түрмөгү
0