"Ош" базарын кайрадан өрт чулгады. Учурда эмне болуп жатат

© Sputnik / Михаил ДудинКрупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке
Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги "Ош" базарында 13-апрелдин түнүндө кайтадан өрт чыкты

Бишкектеги "Ош" базарында кайтадан өрт чыкты. 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын жеринен билдиришинче бул ирет өрт "Береке Гранд" соода борборуна жакын жердеги тазалык каражаттарын сатуучу жайда чыккан.

Ага ылайык, контейнер өрттөнүп, аны өрт өчүрүүчүлөр өчүрүүгө аракет кылышууда. Кырсык болгон аймакты милиция кызматкерлери курчоого алды.

Быйыл аталган базарда ушуну менен үчүнчү жолу өрт чыгууда. Биринчи кырсык 30-январда болсо, экинчиси 5-мартта катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0