Ысык-Көлдө 30 жаштагы айыл өкмөт башчысы жол кырсыгынан көз жумду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум 1988-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Энчилеш айылында туулган. Үч баланын атасы, үйдүн жалгыз уулу эле.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы Кыдыр Тыналиев жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маркум менен бирге иштешкен "Табылга" партиясынын тең төрагасы Турат Акимканов билдирди.

© Фото / предоставлено Туратом АкимкановымПогибший в ДТП глава айыл окмоту Боз-Учук Ак-Сууйского района Иссык-Кульской области Кыдыр Тыналиев
Погибший в ДТП глава айыл окмоту Боз-Учук Ак-Сууйского района Иссык-Кульской области Кыдыр Тыналиев - Sputnik Кыргызстан
Погибший в ДТП глава айыл окмоту Боз-Учук Ак-Сууйского района Иссык-Кульской области Кыдыр Тыналиев

Анын айтымында, жол кырсыгы 13-апрелден 14-апрелге караган түнү болгон.

"Кыдыр өлкөдөгү эң жаш айыл өкмөт башчыларынын бири болчу. Жакында 30 жашка чыгып, туулган күнүн өткөргөн эле. Айыл өкмөт башчы болуп иштеп жатканына эки жыл болгон. Ага чейин "Табылга" партиясынын мүчөсү болчу", — деди Акимканов.

Маркум 1988-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Энчилеш айылында туулганын, артында үч баласы калганын партиялашы кошумчалады.

Кайгуул милиция кызматынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түптө милиция кууган унаа оодарылып бир адам мерт болду. Кырсыктын чоо-жайы
"Кыдыр ал күнү Караколго досу менен конокко барып, кеч чыгыптыр. Жол кырсыгы түнкү саат үчтөр чамасында Энчилеш айылынын кире беришинде болгон. Жолдо баратып көзү илинип кеткен окшойт. Ал үйдүн жалгыз уулу болчу, апасы да жакында эле жүрөгүнө операция жасаткан", — деди Акимканов.

Жол кырсыгы тууралуу маалыматты Ысык-Көл облусунун ОИИБи тастыктап, окуя түнкү саат 02:30дар чамасында болгонун маалымдашты. Ошондой эле айдоочу рулду башкара албай калгандыктан аласалып кеткенин жана ал ооруканага жетпей көз жумганын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0