Жолдун четинде турган кыз. Архив

Бишкекте мас айдоочу 17 жаштагы кызды учура сүзгөн видео тарады

3508
(жаңыланган 19:27 21.05.2018)
Наркологиялык экспертиза айдоочу мас абалында болгонун көрсөткөн

БИШКЕК, 15-апр. – Sputnik. Борбор калаанын Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинен кызды унаа коюп кеткен окуя видео байкоого түшүп калган. 

Каргашалуу окуя кечээ, 14-апрелде таңкы саат 05:00дө болгон. 17 жаштагы кыз алган жаракатынан улам жеринде мүрт кеткен.

Видеодо көрүнүп тургандай (2 мүнөт 41 секундда), кара түстөгү Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа кызды 10 метрдей аралыкка учура сүзгөн. 

Кийин айдоочу жолдо жаткан кыз тарапты көздөй унаасын айдаган. 

Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы 11 мүнөттөн кийин келген. Буга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, жабырлануучу медиктер келгиче жан берген. 

Аталган факты боюнча Кылмыш иши козголду. Наркологиялык экспертиза айдоочу мас абалында болгонун көрсөткөн. Айыпталуучу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

3508
Белгилер:
жол кырсык, тез жардам, Бишкек
Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (203)
Тема боюнча
Бишкекте мас айдоочунун айынан 17 жаштагы кыз мүрт кетти
Бишкекте эки унаа бет маңдай сүзүшүп кетти. Кырсыктан кийинки видео
Пикирлер