Ош базарынын соодагерлери өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.

"Ош" базарынын соодагерлери өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Коюлган талаптар

336
(жаңыланган 17:06 16.04.2018)
Премьер-министр буга чейин жабыркаган соодагерлерге жардам берилерин айткан.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Өкмөт үйүнүн алдында өткөн жума күнү өрт чалган "Ош" базарынын соодагерлери митинг өткөрүп жатышат.

Маалыматка ылайык, нааразы болгондордун саны болжол менен 150-200 кишидей бар. 

  • Ош базарынын соодагерлери өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.
    "Ош" базарынын соодагерлери өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
  • Ош базарынын соодагерлери өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.
    "Ош" базарынын соодагерлери өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
  • Ош базарынын соодагерлери өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.
    "Ош" базарынын соодагерлери өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
1 / 3
© Sputnik / Нурис Алымбаев
"Ош" базарынын соодагерлери өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.

Соодагерлер өкмөт мүчөлөрүнүн бири чыгып, сүйлөшүүсүн талап кылып жатат. Митингчилердин айтымында, өрткө жол берген базардын жетекчиси жазага тартылып, келтирилген зыянды төлөп бериши керек.

Эскерте кетсек, кырсык 13-апрелге караган түнү болгон.  Өрттүн очогу Киев менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын "Берекет" базарында жайгашкан. ӨКМ базар атайылап өрттөлгөнүн айтып, милиция кылмыш ишин козгоду. 5200 чарчы метр аянтты жалмаган өрт 16 сааттан кийин толук өчүрүлгөн

Премьер-министр Сапар Исаков жыйын өткөрүп, өрттөн жабыркаган соодагерлерге жардам берүү тапшырмасын берди. Мындан тышкары, кырсыктан жапа чеккендерди атайын түзүлгөн комиссия аныктамай болгон.

336
Белгилер:
митинг, соодагер, жардам, Бишкек
Тема:
"Ош" базарындагы үчүнчү өрт (23)
Тема боюнча
"Ош" базарындагы өрттөн жабыркаган соодагерлерди атайын комиссия аныктайт
"Ош" базарындагы өрт 16 сааттан кийин толугу менен өчүрүлдү
"Ош" базарында соодагерлер менен милиционерлердин ортосунда жаңжал чыкты. Видео
Мэрия "Ош" базарын шаардын четине көчүрүү маселесин карап жатат
Исаков эки базардагы өрттөн жабыркагандарга жардам берүүнү тапшырды
Пикирлер