Кишен. Архивдик сүрөт

17 жаштагы кызды кагып өлтүрүп алган адам тергөө абагына киргизилди

301
(жаңыланган 17:06 16.04.2018)
25 жаштагы айдоочу Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны айдап келе жатып, Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинен өспүрүмдү коюп кеткен.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Өткөн ишемби күнү таңкы саат 5те 17 жаштагы кызды койдуруп кеткен айдоочу эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, буга чейин 25 жаштагы айдоочу мас абалында Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны айдап келе жатып, Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинен өспүрүмдү кагып алганы айтылган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам кырсык болгон жерде жан берген.

Кийин интернететке аталган кырсыктын видеосу чыккан.

301
Белгилер:
айдоочу, жол кырсыгы, Бишкек
Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (361)
Тема боюнча
Бишкекте мас айдоочунун айынан 17 жаштагы кыз мүрт кетти
Бишкекте мас айдоочу 17 жаштагы кызды учура сүзгөн видео тарады
Пикирлер