Ошто курулуш тендерин эң кымбат баа сунуштаган компания жеңип алды

Жазылуу
Былтыркы жылдын 29-сентябрында Капиталдык курулуш башкармалыгы Ноокаттагы мектептин спорт залы менен от жагуучу жайын курууга 16,99 миллион сомдук тендер жарыялаган.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. УКМК Ош облусунда келишим түзүү жана мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү мыйзамсыз ишке ашкан фактыларды аныктап чыкты. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик курулуш агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Ош облустук капиталдык курулуш бөлүмү "Мамлекеттик сатып алуулар боюнча" мыйзамды бузган.

Строительство скоростного автобана Приморское кольцо - Sputnik Кыргызстан
Эмне деген акча! Түп — Кеген жолун курууда 51 млн. сом жок болуп кеткен
Иликтөөлөргө караганда, аталган мекеме 2017-жылдын 29-сентябрында Ноокат районундагы мектепке от жагуу жайы жана спортзал курдуруу үчүн 16,99 миллион сомдук тендер жарыялаган. Ага алты компания арыз берген.

Ал эми 14-ноябрь күнү тендер боюнча комиссия баарынан жогорку сумманы (14,363 миллион сом) көрсөткөнүнө карабай, "Икар-А" ЖЧКсын тандап алган.

Мындан улам Ош облустук прокуратурасы Кылмыш жана жаза кодексинин 304 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренелери (КР кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) менен кылмыш ишин козгоду.

Иликтөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0