Бишкекте эки аял КамАЗ алдында калып көз жумду. Жеринен алынган кадрлар

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРазбитые дороги в Великом Новгороде
Разбитые дороги в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы саат 18:00дөр чамасында Туңгуч кичи району жакта болгон.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкекте КамАЗдын айдоочусу рулду башка албай эки аялды коюп кетти. Алар алган жаракатынан улам кырсык болгон жерде каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсык бүгүн, 16-апрелде саат 18:00дөр чамасында Туңгуч кичи району жактагы Ауэзов менен Кырман көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайыналды.

Жаңылыктар түрмөгү
0