200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев

УКМК: 200 миң доллар пара алып кармалган прокуратура кызматкери ооруканага түштү

2041
(жаңыланган 10:25 18.04.2018)
Маалыматта коррупциялык иштерге айыпталып жаткан прокуратура кызматкеринин кан басымы жогорулап кеткени айтылат

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев ооруканага түштү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө айыпталуучунун кан басымы жогорулап кетип ооруканага жаткырылган.

Ал эми №1 ооруканадан аталган жарандын саламаттыгы текшерилип жатканын ырасталып, бирок абалы тууралуу маалымат берилген жок.

Чалбаев кечээ, 16-апрелде, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан колго түшүрүлгөн болчу.

2041
Белгилер:
оорукана, пара, кылмыш, УКМК, Башкы прокуратура, Улан Чалбаев
Тема:
200 миң доллар пара менен кармалган прокуратура кызматкери (4)
Тема боюнча
УКМК прокуратура кызматкерин 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармады
Мавлянова: балдар үйүнө бөлүнгөн каражаттар өз дарегине жетпей жатат
Пикирлер