ИИМ башчысы: Аида Салянованын инисинин өлүмү боюнча кылмыштын бети ачылды

© Sputnik / Бактияр БердибековУбийство Улана Салянова
Убийство Улана Салянова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улан Саляновду 6-ноябрь күнү Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы өзүнүн үйүнөн атып кетишкен.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Ички иштер министри Улан Исраилов экс-башкы прокурор Аида Салянованын киши колдуу болгон бир тууган инисинин иши боюнча тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Улан Саляновду 6-ноябрь күнү Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы өзүнүн үйүнөн атып кетишкен. Беткап кийген бир нече адам андан акча талап кылган. Натыйжада ортодо мушташ чыгып, Улан Салянов эки ирет ок жеген.

"Саляновдун өлтүрүлүшүндө саясий боек жок. Шектүүлөрдүн экөө кармалып, алардын бирөөсү Россиядан экстрадицияланган. Үчүнчүсү кармала элек. Тергөө амалдары жүрүүдө. Кылмыштын себептери аныкталган", — деп министр депутат Никитенконун суроосуна жооп берди.

Буга чейин Аида Салянова инисинин өлтүрүлүшүндө саясий боек жок экенине ишенбей турганын маалымдаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0