Мечитке келгендерди сызга отургузуп жүргөн. ШИИБ шектүү кишини кармады

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи кражи мобильных телефонов
Случаи кражи мобильных телефонов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акча жана телефондордун уурдалышына шектелип Бишкектин 30 жаштагы тургуну кармалды

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Милиция кызматкерлери шаардын мечиттериндеги уурулукка шектүү кишини кармаганын ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга мечиттерде уюлдук телефондордун уурдалып жатканын айтып, бир нече киши арыз менен кайрылган. Намаз окууга келген бир адамдын Samsung Galaxy S-7 үлгүсүндөгү телефонун алып кетсе, дагы бирөөнүн 1500 сому уурдалган.

"Аталган фактылар боюнча Кылмыш жаза кодексинин 164-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары Бишкектин 30 жаштагы тургуну кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Колго түшүрүлгөн киши камакка алынып, башка кылмыштарга тиешеcи бар же жок экендиги текшерилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0