Кыргызстандык ишкерди Жамбыл облусунан уурдап кетишти

CC BY-SA 2.0 / Quinn Dombrowski / RingСлучаи кражи человека
Случаи кражи человека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алматылык үч киши автоунааны Алматы — Тараз жолунан тосуп токтотуп, ичиндеги жүргүнчүнү алып кетишкен

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Казакстан полициясы уурдалган кыргызстандыкты таап, куткаруу боюнча атайын операция өткөрдү.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) берген маалыматына караганда, Кыргызстандын жаранын алматылык үч киши уурдаган.

"Шектелип жаткандар Алматы — Тараз жолунан автоунааны мажбурлап токтоткон. Өздөрүн полиция кызматкери деп тааныштырган соң ичиндеги жүргүнчүнү уурдап кетишкен", — деп билдирди ИИМдин маалымат кызматы.

Уурдалган кишинин кыргызстандык бизнесмен экендиги айтылууда.

Атайын операция учурунда ал киши жабырланган эмес. Киши уурдаганга шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0