Бишкек — Ош жолунда газ ташып бараткан унаа оодарылып калды. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек — Ош жолундагы автоунаа. Архив
Бишкек — Ош жолундагы автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаа күйүүчү май ташып бара жаткан унаадан ашып өтүүгө аракет кылганда кырсыкка кабылган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда газ ташуучу унаанын цистернасы оодарылып кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба МЧСБишкек — Ош унаа жолунда газ ташуучу унаанын цистернасы оодарылып кетти
На трассе Бишкек — Ош перевернулся газовоз - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош унаа жолунда газ ташуучу унаанын цистернасы оодарылып кетти

Жол кырсыгы бүгүн болжол менен саат 11.00дөр чамасында трассанын 121-чакырымында болгон.

"Газ ташып бара жаткан унаа күйүүчү май ташыган унаадан ашып өтүүгө аракет кылганда капталы менен урунган. Мунун кесепетинен анын цистернасы жолдун боюна оодарылып калган. Бактыга жараша газ сыртка чыккан эмес", — деп айтылат маалыматта.

Кулап калган цистернаны көтөрүүгө крандын күчү жетпегендиктен, жаратылыш газын башка унаага куюп алуу маалында өрт чыгып кетпеши үчүн ӨКМдин Жайыл райондук өрткө каршы куткаруу бөлүмү тартылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0