Сулайман-Тоо. Архив

Ош: Сулайман-Тоодо аял кишинин сөөгү табылды

4786
(жаңыланган 12:57 19.04.2018)
Маркум 10-апрелде өз үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз эле.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булак билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда аталган жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

"Сулайман-Тоодо жашы 35-40тар чамасындагы аялдын сөөгү жатканы тууралуу маалымат Ош шаардык милиция бөлүмүнө түшкөн. Келиндин өлүгү бүгүн, 18-апрель күнү, саат 17:00дөр чамасында Сулайман-Тоонун батыш тарабынан табылды. Шаардык милициянын ыкчам-тергөө тобу учурда аталган аймакта кароо иштерин жүргүзүп жатат. Маркумдун аты-жөнү такталды", — деди маектеш.

Ал кошумчалагандай, келин 10-апрелден бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу анын жакындары милицияга кабарлаган. Маркумга издөө жарыяланып, бир жумадан бери табылбай жаткан. Учурда бул фактынын негизинде иликтөө иштери башталды.

Ал эми шаардык милициянын маалымат кызматы бул тууралуу билдирүү тарата элек.

4786
Белгилер:
милиция, Сулайман тоо, Ош шаары
Тема боюнча
Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл пунктуна жакын жерден кишинин сөөгү табылды
ИИМ башчысы: Аида Салянованын инисинин өлүмү боюнча кылмыштын бети ачылды

Автомат менен кирип, колуна кишен кийгизип. Камчы Көлбаевди кармаган видео

1256
(жаңыланган 16:35 22.10.2020)
Көлбаевге карата Жазык кодексинин "Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди колго түшүргөн учурдун видеосун жарыялады.

Эске салсак, бүгүн, 22-октябрда, Бишкектеги спорт клубдардын биринен Камчы Көлбаев кармалып, УКМКга алып келинген.

Ага карата Жазык кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу") боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

1256
Белгилер:
кримавторитет, Камчы Көлбаев
Тема боюнча
УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты
Камчы Көлбаев кармалды
Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео

Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео

594
Ош облусунда криминалдык чөйрөдөгү адамдардын бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлап, кармоо учурун YouTube каналына жарыялады.

Видеодо көрүнүп тургандай, спецназ шектүүнү колго түшүргөндөн кийин жерге жаткырып, колун кишендеп, андан бир нече суммадагы акча каражатын тапкан.

ИИМ билдиргендей, ага чейин жергиликтүү тургун 34 жаштагы жаран опузалап акча талап кылып жатканы боюнча милицияга арызданган. Маалым болгондой, кримтөбөл арыз ээсинен бир нече айдан бери 100 миң сом же беш сотых жер бер деп талап кылып жүргөн.

УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты

Милиция кызматкерлери шектүүнү 20-октябрда Кара-Суу районунан колго түшүрүшкөн. Анын криминал чөйрөсүнө тиешеси бар экени аныкталып, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турары маалым болду. Буга чейин ал Россияда каракчылык үчүн соттолуп чыккан.

594
Белгилер:
видео, кармоо, Ош
Тема боюнча
УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты
Кыз парктта кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жумага карата аба ырайы

0
23-октябрга караган түнү кээ бир өрөөндөрдө жана тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жума күнү, 23-октябрда, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3…+8 градус, Таласта +2…+7 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10 градус, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында 0…+5 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, борбор калаада карга айланышы ыктымал. Күндүн табы Бишкекте +6…+8 градус, Ош шаарында +13…+15 градуска чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

0
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жалал-Абад облусунун аймагында кайрадан жер титиреди