Бишкекте 12 жашар баланы автоунаа коюп кетти

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 18-апрелде кечинде Токтоналиев жана Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкекте 12 жашар баланы автоунаа коюп кеткенин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башка башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кырсык бүгүн, 18-апрелде, кечинде Токтоналиев жана Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Жабыркаган өспүрүм балдардын шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилди. Toyota Windom автоунаасынын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен эмес", — деп милициядан маалымдашты.

Милиция окуянын чоо-жайын аныктап, териштирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0