Өгөй атасы беш жыл бою зордуктап жүргөн кыз 16 жашында төрөдү. Окуянын чоо-жайы

Жазылуу
Жаңы төрөлгөн ымыркайдан энеси жана анын жакындары баш тарткан. Ал эми ата сөрөй темир тор артында жаза өтөөдө.

Куурчак ойноп, балалыктын бактылуу доорун сүрө турган мезгилинде 11 жашка толо элек секелек 45 жаштагы өгөй атасы тарабынан зордукталган. Ал гана эмес, беш жыл бою анын зомбулугуна кабылган кыз 16 жашында өгөй атадан боюна бүтүп, көз жарат. Арам оюн ишке ашырып келген ата сөрөй учурда бул кылмышы үчүн темир тор артына киргизилди. Үрөйдү учурган буга окшогон окуяларды буга чейин тасмалардан гана көрүп келгем. Тилекке каршы, бул ирет мындай каргашалуу окуя Ош облусундагы Өзгөн шаарында болгон.

Жабырлануучу кыздын таежеси Өзгөн районунун Көлдүк айылынын жашоочусу Зульфия Токсонбаева окуянын чоо-жайын төкпөй-чачпай ирети менен баяндап берди.

© Фото / Зульфия ТургуноваЗордукталган кыздын таежеси Өзгөн районунун Көлдүк айылынын жашоочусу Зульфия Токсонбаева
Тетя изнасилованной 16-летней девочки в Узгенском районе Зульфия Токсонбаева  - Sputnik Кыргызстан
Зордукталган кыздын таежеси Өзгөн районунун Көлдүк айылынын жашоочусу Зульфия Токсонбаева

Ал балээнин баары бир тууган эжеси жети баласы менен экинчи ирет турмушка чыкканда башталгандыгын айтып кейиди.

— Жабырлануучу кыз менин бир тууган эжемдин кызы. Өзүбүз 10 бир тууганбыз. Көлдүк айылында төрөлүп, ушул жерде чоңойдук. Эжем Өзгөндөгү Красный Маяк айылына турмушка чыгып, жездем экөө жети балалуу болушту. Эки кыз, беш уулду тарбиялап жатканда жездем шал оорусуна чалдыгып, 2010-жылы каза болуп калды. Анын жылдыгы өтөөрү менен 2011-жылы эжем Өзгөндүн Комсомол айылынын тургуну 45 жаштагы Жуманазар Бабышов аттуу кишиге турмушка чыкты. Биз алгач, каршы болдук. Эжем менен жездем Өзгөн шаарында батирге чыгып, соода менен алектенип жүрүштү. Эжемдин улуу кызы турмушка чыгып кетти, ал эми беш эркек баласы менен кичүү кызын апам Көлдүк айылындагы өзүнүн үйүндө багып жүрдү. Жыл айланып, 2012-жылы экинчи турмушунан дагы уулдуу болду. Ошол баласын караганы 11 жаштагы кичүү кызын өзү менен кошо Өзгөн шаарындагы батирине алып кетти. Ошентип эжем, жездем, биринчи турмушунан тапкан 11 жаштагы кызы жана жаңы төрөлгөн баласы төртөө жашап жатышкан. Эжем базарда иштесе, жездемдин туруктуу жумушу жок, кээде таксист катары эл ташычу. Кызы мектепке да барбай жаңы төрөлгөн баланы карап үйдө калат.

Кызды зордуктап кан болгон кийимдерин өзүнө жуудуртуптур

2012-жылы жездем үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып, арам оюн ишке ашырып, кызды зордуктаптыр. Анын кан болгон кийимдерин өзүнө жуудурат да "бул тууралуу апаңа же башка бирөөгө айтчу болсоң сени да, апаңды да өлтүрүп, капка салып, сууга агызып жиберем" деп кызды сабайт. 11 жаштагы кыз коркуп, окуя тууралуу эч кимге айтпай, буулугуп жүрө берет. Мунун баарын биз сот ишинин жүрүшүндө уктук.

11 жаштагы кыз түнт тартып, көп ыйлачу болду

Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Рух ордодо" 12 жаштагы кыз зордукталды. Милиция комплекстин кызматкерин кармады
2014-жылы бир туугандар чогулуп, эжемдин үйүнө барып калдык. Эжем кызынын мүнөзү өзгөрүлгөнүн, түнт тартып, көп ыйлачу болгонун айтып калды. Жүрөгүм бир нерсени сезгендей, "кызыңызды бага бериңиз, мен эле багып алайын" дедим. Кыз да мени ээрчип кеткиси келди. Бирок эжем жаш баласын караганга киши жоктугун айтып, жибербей койду. Эжеме кызы чоңойо баштаганын айтып, өгөй атадан да сак болуусун эскерттим.

"Кызды дарыгерлерге алып барып текшертели" десек, эжем ага да көнбөй койду. Анткени ал күйөөсүнө аябай ишенчү эле. Кызы "бала карап мектепке да барбай калдым" деп ыйлагандыктан, аны Өзгөн шаарындагы музыкалык  мектепке жиберишет. Ошол мезгилде жездем аталган мектепте күзөтчү болуп иштечү. Көрсө, ал жерден да кызды бош калган бөлмөгө алып барып, зордуктачу экен. Кыз каршылык көрсөткөндө чачынан сүйрөп, уруп, кыйнагандыгы кийин белгилүү болду.

5 жыл бою зордуктап жүрүптүр

Кыздын эжелеринин бири андан кабар алууга келип, өгөй атанын үйдө жарым жылаңач жаткандыгын көрүп калат. Шектенип, кыздан сураса ал коркуп эч нерсе айтпай коет. 2017-жылы өгөй ата кыздын боюна бүтүп калганын билип калат. "Жоолук салынып, дарыгерлер сураса турмушка чыккам" деп айтуусун үйрөтүп, УЗИге жиберет. Кыздын беш айлык боюнда бар экендиги аныкталып, өгөй ата кызды кайрадан коркутуп, окуя тууралуу ооз ачпоосун эскертип, Бишкек шаарындагы эжелерине жиберет. Кыз ал жерде көпкө жашабай, кайрадан Өзгөн шаарына баса берет. Ичи чоңоюп 8 айлык болуп калганда өгөй ата кызды Ош шаарына алып келип, жеке клиникалардан гинеколог издеп, баланы алдырып салууну көздөйт. Алар 26 миң сом таап келгиле деп кайра узатат. Ал акчаны тапканча убакыт өтүп, ал арада кыздын боюнда бар экендигин эжем да, мен да туугандар баарыбыз билип, бирок баланын атасы ким экендигин биле албай убара тарттык.

КРЕСТЬЯНЕ ХЛЕБ СДАЧА КИРГИЗИЯ - Sputnik Кыргызстан
Параны буудай, ичик менен алган сот, аборт жасаган бүбү. 20-жылдардагы кылмыштар
Кыз алгач өгөй атадан коркуп, апасына да мага да эч нерсе айтпай койду. Бала да, алдап сурасам, өгөй атасы беш жыл бою зордуктап келгендигин, боюна да өгөй атасынан бүткөндүгүн айтып кечке солуктап ыйлады. Көрсө, ал ага чейин үч ирет жанын кыюуга аракет жасаптыр. 

Баланы алуудан баш тарттык

Баары ачыкка чыгып, өгөй атанын былыктары белгилүү болгондо канчалык ачууланбайлы, өзүбүздү кармап, окуя тууралуу милицияга билдирдик. Кыздын бир тууган агасы арыз жазып, 2017-жылдын 28-августунда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Жуманазар Бабышовду кармап кетишти. Ал эми сиңдибиз 2017-жылдын октябрь айында Оштогу төрөт үйүндө 16 жашында көз жарды. Кан басымы 160ка көтөрүлүп, төрөт учурунда көп кан жоготкондуктан ооруканада бир топко жатты. Ымыркай кыз бала экен. Энеси да, биз да баланы алуудан баш тарттык.

Күнөөсүн мойнуна алган өгөй ата сотто баарын танып кетти

Насилие над женщинами в КР - Sputnik Кыргызстан
Түркияда кыргызстандык кызды зордуктаган киши 30 жылга эркинен ажыратылды
Өзгөн райондук милициясында тергөө иштери башталып, тараптарды беттештирген мезгилде өгөй ата күнөөсүн мойнуна алат. "Кызын да, апасын да сүйөм, экөө менен тең жашай берем. Экөөнү да камсыздайм, ишти сотко өткөрбөгүлө" деп милициядан суранат. Эжем намысына тийген күйөөсүнө "мени өлтүрүп туруп анан кызыма үйлөнбөйт белең" деп жакка чабат. Ошентип кумарын кандырып, арам оюн ишке ашырып жүргөн өгөй ата жапжаш, он гүлүнүн бири ачыла элек кыздын тагдырын талкалады. Сиңдибиздин азыр абалы өтө оор. Учурда таенеси карап жатат. Кирпик ирмебей таң атырат. Ой басып, оор үшкүрүнүп, тамак деле жебейт. Ушул каргашанын айынан бир туугандар эжем менен да катташпай калдык. Өзгөн райондук соту кыздын апасын энелик укуктан ажыратып, 18 жашка толгончо менин карамагыма өткөрүү боюнча маселени карап жатат. Бул кыздын эртеңкиси эмне болот деген ой басып, кабатыр боло берип өзүм да ооруй баштадым. Кызга Оштогу кризистик борборлордун психологдору жардам берип жатышат. Кыздын жүрөгүндөгү так биротоло унутулуп, канткенде айыгат деген суроо менен баш катырып жашап жүрөм.

Ал эми жабырлануучунун жактоочусу Аваз Мирзаев Өзгөн райондук милициясы тарабынан бул фактынын негизинде шектүү катары кармалган кыздын өгөй атасы Жуманазар Бабышовго карата Кылмыш жаза кодексинин 129-беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун, ишти Өзгөн райондук соту карап, 2018-жылдын 27-февралында шектүүнү 15 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгаргандыгын билдирди. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү көрсөтүлгөн.

Зордуктоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Секелек кызды зордуктаганын видеого тартып... Октябрдагы 10 криминалдык окуя
Соттук териштирүүлөрдө айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган эмес, бирок анын кылмыш аракеттери иш боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу, беттештирүү протоколдору жана кылмыш иштин ичиндеги материалдар менен аныкталды.

Райондук соттун өкүмүнө нааразы тараптан апелляциялык даттануу түшүп, Ош облустук сотунун кароосуна берилген.

Адвокат Аваз Мирзаев Өзгөн райондук сотунун чечимине нааразы экендигин айтып, жабырлануучу тараптын мыйзамдуу өкүлү Ош облустук сотуна доо арызы менен кайрылгандыгын кошумчалады.

"Себеби айыпталуучуга алгач беш эпизод боюнча күнөө коюлган. Бирок 2012-жылы кыз 11 жашта болгон мезгилде Өзгөн шаарындагы батирде зордукталгандыгы боюнча далилдер жетишсиз деп райондук сот эки эпизодду кыскартып салган. Жабырлануучу тарап буга нааразычылык билдирип жатат. Негизи мыйзам боюнча 14 жашка чейинки курактагыларды зордуктоого айыпталгандар өмүр бою абакка кесилиши керек. Жабырлануучу тараптын доо арызын Ош облустук соту 26-апрель күнү карайт. Ал эми айыпталуучу тарап да Ош облустук сотуна айыпталуучуну актоо өтүнүчү менен кайрылган. Өзгөн райондук прокуратурасы да облустук сотко айыпталуучуну өмүр бою абакка кесүү сунушун келтирген", — деди Авазов.

Жабырлануучунун жакындары 26-апрелде өтүүчү сот ишинде облустук соттон адилеттүү чечим күтүп жаткандыктарын билдиришти.

Ал эми айыпталуучу тараптын адвокаты Анарбек Канназаров менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Жакындары окуя боюнча пикир билдирүүдөн баш тартышты.

15 жылга эркинен ажыратылган айыпталуучу Бабышов учурда Ош шаарындагы №5 Жаза аткаруу мекемесинде мөөнөтүн өтөп жатат

Жаңылыктар түрмөгү
0