Кара-Сууда киши өлүмүнө забын болуп, качып бараткан айдоочу кармалды

Жазылуу
Жол кырсыгынан Чоң-Алай районунун 26 жаштагы тургуну каза болду

ОШ, 23-апр. — Sputnik. Кара-Суу районунда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу 26 жаштагы жигитти өлтүрө сүзүп, качып бараткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 22-апрелде саат 09:00дөр чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Мачак конушунда болгон.

"DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Кырсык болгон жерде Чоң-Алай районунун 26 жаштагы тургуну Б.М. каза болгон. Аймактык тескөөчүлөрдүн жана криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам аракети менен Жайыл районунун 45 жаштагы тургуну Өзгөн районунда колго түштү. Ал изин жашыруу үчүн Бишкек шаарын көздөй качып бара жаткан", — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0