Баңгизат саткан жана кишиге кол салган. Россияда эки кыргызстандык кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого в преступлении в КР
Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар кишиге кол салган жана баңги заттарын сактап жүргөн деген айып менен издөөгө алынган

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Москва шаарында кишиге кол салган жана баңгизат сактап жүргөн деген айып менен издөөгө алынган Кыргызстандын эки жараны кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Иликтөө иштеринен кийин Кыргызстанда издөөгө алынган Жалал-Абад облусуна туулган, 32 жаштагы кишинин кайсыл жерде жашап жатканы аныкталды. Мекенинде баңгизаты даярап, алып жана сатып жүргөндүгү үчүн милиция анын изине түшкөн", — деп айтылат маалыматта.

ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы Афганистан, Тажикстан жана Канаданын жарандарынан турган трансулуттук баңги тобунун мүчөлөрүн колго түшүрдү - Sputnik Кыргызстан
Бишкектен "Алланын көз жашы" деп аталган баңгизатын жүгүрткөндөр камалды
Кыргызстандык 14-апрелде кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Аны менен катар эле Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен эки мамлекеттин тартип сактоочулары эл аралык издөөгө алынган, Чүй облусунда туулган 24 жаштагы кишинин кайда жүргөнүн таап, колго түшүрдү. Ал 2017-жылдын декабрь айынан тарта кишиге кол салганы үчүн күнөөлөнүп жаткан. Россиялык тартип сактоочулар Кыргызстан ИИМине издөөдөгү киши тууралуу маалымат берген. Учурда кармалгандарды мекенине жөнөтүү аракеттери көрүлүп жатканы маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0