Ош: өрт учурунда 5-кабаттан кулаган кыздын видеосу

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПожар в центре скалолазания RockTown в Санкт-Петербурге
Пожар в центре скалолазания RockTown в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин маалыматына караганда тилсиз жоодон алты киши жабыркады

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Ош шаарында көп кабаттуу үйдө өрт чыккандыгын ӨКМден кабарлашты.

Маалыматта кырсык Жим көчөсүндөгү 12 кабат үйдө чыгып, алгач 5-кабаттагы №22 жана №23 батирлерде башталганы айтылган. Анын кесепетинен алты киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Мындан сырткары, ИИМ тарабынан 20 кызматкер тартылып, жеринде беш өрт өчүрүүчү бөлүм жана үч тез жардам бригадасы иштеди.

Instagram-портал OMKS өрттүн видеосун салды. Кадрга эл топтолуп, ал эми жогору жакта жалындап жаткан өрт түшүп калган. Терезеде эки караан турганын, өрт өчүрүүчүлөрдүн краны кызды куткаруу үчүн көтөрүлүп, жакындап барып, берки киши кызды кое бергенде кыз крандын люлькасына түшпөй, ылдый кулаганын көрүүгө болот.

ӨКМ ушу тапта кырсыктын себеби такталып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0