Узун-Акмат суусуна түшүп кеткен киши каза болуп калды

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүДарыягы түшүп кеткен унаа. Архив
Дарыягы түшүп кеткен унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ тараткан кабарда маркумдун 42 жашта экендиги айтылган.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Токтогул районундагы Чоң-Арык айылынын тургуну кечээ, 24-апрелде Узун-Акмат суусуна түшүп кетип каза тапты. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

"Кырсык түш ченде болгон. Куткаруучулар сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ тараткан кабарда маркумдун 42 жашта экендиги айтылган.

Мындан бир нече күн мурда Сузак районунда автоунаа Кара-Дарыя суусуна кулап, үч киши каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0