Бишкек: троллейбус сүзгөн 51 жаштагы аял ошол жерде көз жумду

Жазылуу
Айдоочу эки аял троллейбустун алдынан капысынан чуркап чыга калганын айткан

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Борбор калаада №8 каттамдагы троллейбус жол чийинден 51 жаштагы аялды сүзүп кетип, ал ошол жерде мерт болду. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя кечээ, 24-апрелде түшкү саат 12.40дар чамасында борбор калаанын Москва менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабырланган аял Тез жардам кызматы келгенче чейин эле үзүлүп кеткен.

"Троллейбустун 31 жаштагы айдоочусунун айтымында, жүрүп бараткан троллейбустун астына эки аял капысынан чуркап чыга калышкан.  Ал дароо токтотууга аракет кылганына карабай бирөөнү сүзүп алган", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0