Москвада мурдагы аялын токмоктоп, зордуктап жүргөн кыргызстандык кармалды

Жазылуу
Жабырлануучунун айтымында, экөө эчактан бери өз-өзүнчө жашап жүрүшкөн.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Москва шаарында мурдагы жубайын ур-тепкиге алып, бир нече жолу зордуктаган деген шек менен 35 жаштагы кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө 20-апрель күнү 31 жаштагы кыргызстандык келин кайрылган. Ал маал-маалы менен келип кол көтөрүп, күч колдонуу менен зордуктап жүргөн мурдагы күйөөсүнө карата чара көрүүнү суранган", — деп айтылат билдирүүдө.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери россиялык кесиптештери менен бирге ыкчам-издөө иштерип жүргүзүп, Ош облусунун 35 жаштагы тургунун колго түшүрдү.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0