Кара-Кулжада жол четинде ойноп жүргөн эки баланы унаа коюп, бири каза болду

© AFP / DAMIEN MEYER Соблюдение ПДД в Франции
Соблюдение ПДД в Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаанын айдоочусу жергиликтүү тургун экендиги белгилүү болду.

ОШ, 27-апр. — Sputnik. Бүгүн, 27-апрелде, саат 16:30дар чамасында Кара-Кулжа районунун Калинин айылында жол четинде ойноп жаткан эки жаш баланы унаа коюп, алардын бири 8 жаштагы жеткинчек кырсык болгон жерде каза болду. Маалыматты облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка ылайык, "ВАЗ 2106" үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен 9 жаштагы бала Кара-Кулжа аймактык ооруканасына жеткирилген.

"Унаанын айдоочусу Калинин айылынын жашоочусу экендиги белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери учурда кырсыктын келип чыгуу себебин териштирип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0