Бишкекте кишини коюп, качып кеткен айдоочу кармалды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиНаезд на пешехода в селе Ленинском на автодороге Бишкек — Кордай
Наезд на пешехода в селе Ленинском на автодороге Бишкек — Кордай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан каза болгон кишинин аты-жөнү такталууда.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Жол кырсыгы 28-апрелде эртең менен саат 5:00дөр чамасында Бишкек — Кордай жолунда Ленин айылында болгон.

Жол кырсыктын айынан бир киши каза тапкан.

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиПодозреваемый в автонаезде на пешехода в селе Ленинское
Подозреваемый в автонаезде на пешехода в селе Ленинское - Sputnik Кыргызстан
Подозреваемый в автонаезде на пешехода в селе Ленинское

Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынын билдиришинче, окуя болгондон кийин айдоочуну кармоо боюнча план киргизилген. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Аламүдүн районундагы Ак-Жар айылынын 24 жаштагы тургуну кармалды. Анын Honda Accord үлгүсүндөгү автонунаасы да табылып, маңдайкы терезеси сынганы аныкталган.

Кармалган адамдын айтымында, киши кокусунан жолго чыга калгандыктан коюп кеткен. Аябай коркуп кырсык болгон жерден качып кеткен.

Бардык материалдар тергөө бөлүмүнө берилип, тергөө уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0