Токмок: убактылуу кармоо жайдан качып кеткен өспүрүмдөрдүн сүрөтү

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкери издөө иштери учрунда. Архив
Милиция кызматкери издөө иштери учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Качып кеткендердин бирөө адам өлтүрүүгө шектелип жаткан.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сеитов Токмоктогу убактылуу кармоо жайынан качып кеткен өспүрүмдөрдүн сүрөтүн Facebook баракчасына жарыялады.

Бишкек шаары менен Чүй облусунда "Сирена" планы жарыяланып, милициянын жеке курамы толугу менен издөө иштерине тартылды.

Качып кеткендердин аты-жөнү:

Юсупахунов Руслан Гаширович — 2002-жылы туулган. Автоунаа уурдады деп шектелүүдө;

Ворончихин Леонид Дмитриевич — 2000-жылы туулган. Алдамчылыкка шектелүүдө;

Порошин Анатолий Сергеевич — 2001-жылы туулган. Адам өлтүрүүгө шектелүүдө.

Качып кеткендер боюнча кандайдыр бир маалымат билгендер (0312) 43-01-27, 43-88-85, 66-23-31, (0701) 30-09-07, (0701) 15-36-06, (0703) 40-68-98 телефондору аркылуу кайрылса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0