Энесин бир чаап өлтүрүп, көңүл ачканы кеткен уул. Апрелдеги 8 чуулуу иш

© AFP / EMMANUEL DUNANDБычактар. Архив
Бычактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмеге Сирияга барып ал жакта эки жыл жашап, курал-жарак колдонгонду үйрөнүп, экстремисттердин катарына кошулган жаш кыз жана балконунан кирип аялды зордуктап кеткен киши да кирди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн айдагы төбө чачты тик тургузган сегиз соттук чечимди сунуштайт.

Кошунасын зордуктап…

Аялы менен ажырашып кеткен киши мас болуп,  коңшу жашаган жалгыз бой  аялды зордуктап салган. Төрт баланын атасы түн ортосунда жабырлануучунун үйүнө балкон аркылуу кирген. Каршылык көрсөтүп, ызы-чуу көтөрбөсүн деп, уйкуда жаткан аялды бычак менен коркутуп,  сабаганда да жетишкен.  Бул кылыгы үчүн ал сегиз жылга эркинен ажыратылды.

Соттошкон ата-бала

Мас болуп келип чыр салган ата сөрөйдү беш баласынын бири көтөрүп барып керебетке жаткызып коет. Тынчыбаган үй ээси туруп  келип, бычак менен уулун колго сайып жиберген. Кийин ата-баланын чыры сотко өтүп кеткенден кийин уулу кайра атасын бошотууну суранып кайрылган. Арактын айынан үй ээси бир жылга шарттуу кесилди.

Адам өмүрүн алган конок

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атасын өлтүрүп, кызын кордоп... 90-жылдардагы үрөй учурган кылмыштар
27 жаштагы кыз курбусу экөө тааныш досунукуна мейманга барышкан. Мас болгон үй ээси бир маалда кыздарды кууп чыкмай болот. Ажатканадан чыккан бийкеч курбусунун жок экенин көрөт. Аны көздөй жаалданып келе жаткан эркекти колго бычак алып эки жолу сайып жиберет да, коркконунан качып кетет. Жабырлануучу кансырап, ошол жерде көз жумган.  Кыздын "өзүмдү коргоого аракет кылдым" дегенине ишенбей сот аны 9 жылга эркинен ажыратты. Баса, кармалган кезде анын соо экени да аныкталган.

Энесин өлтүрө чапкан уул

Кылмышка шектүү жаран апасы менен үйдө чай ичип отуруп уруша кеткен. Андан соң  энесин дасторкондогу идиш менен бир нече жолу башка чаап, үйдөн чыгып кеткен. Анын айтымында, окуя болгон күнү бир жерге куран окутканы кирип, андан чыгып  туулган күнгө жана түнкү клубга барган. Эртеси эртең менен гана үйгө келип… туугандары менен милицияны чакырткан. Өз энесинин өмүрүн алган уул 12 жылга түрмөгө камалды.

Мыкаачы шылуундар

Көрдүн жанында ыйлып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баламдын куурап калган сөөктөрүн талаадан, ар жерден жыйнадык. Жалгыз бой эненин муңу
Көчөдө арак ичип жүргөн үч жигит таанышын жолуктуруп, майрамды чогуу улантышат. Ортодо уруш чыгып, үчөө кийинки кошулган эркекти катуу сабап, аны өзүнүн унаасына салып алып Бишкекти көздөй сапар алышат. Жолдо автокөлүктүн ээсин мыкаачылык менен өлтүрүп, маркумду чечинтип ээн талаага таштап кетишкен. Автоунааны борбор калаага айдап келип, соодалоого үлгүрүшөт. Милиция кызматкерлери аларды кийинчерээк торго түшүрүп, сот үчөөнү тең өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратты.

Сирияга "бакыт" издеп кеткен бийкеч

"Ислам мамлекети" террордук уюумунун үгүтчүлөрүнүн кылтагына 21 жаштагы кыз илинген. Жарым жыл өтпөй ал согушкерлердин чакыруусу менен Сирияга барып бөтөн өлкөдө эки жылдай жашаган. Согуш болуп жаткан жерде курал-жарак колдонгонду үйрөнүп, экстремисттердин катарына кошулган. Жөн отурбай жакын курбусун да ал жакка чакырууга аракет жасаган.

…Кыргызстанга келип, тергелип жатканда соттолуучу бул айыптарды мойнуна алган эмес. Аны башкалар Сирияга мажбурлап алып баргандыгын айткан. Өрт күйгөн жерде келин күйөөгө тийип,  кийин жердешин жолуктуруп, Кыргызстанга качкан. Бала жетелеген кош бойлуу келинди жолдон түрк полициясы кармап, аталган өлкөнүн абагында үч ай жаткан. Эми ал баласы 14 жашка чыккандан кийин, Кыргызстандын түрмөсүндө да үч жыл отурмай болду.

Аялына акчасын уурдаткан күйөө

Случаи женской драки - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте окуучу кыздар чачташты. Милиция окуянын чоо-жайын айтты
Эки баланын ата-энеси Ысык-Көлдөн Бишкекке алып келген алмуруттун айынан уруша кеткен. Буга келиндин мөмө-жемишти элге таратып жибергени да кошул-ташыл болгон. Үй ээси аялынын акча уурдап жүргөнүн эстеп кетип,  сабап салган. Сот эркекти баш мээси чайкалып, көгала болгонго чейин сабалган аялга 27 миң сом төлөп берүүнү милдеттендирген. Бирок мындай чечим жыйынтык бербей, соттолуучу кол көтөргөнүн койгон эмес. Кызыл камчылыгынан улам эми ал дагы 50 миң сом төлөмөр болду.

Өлүм менен аяктаган майрам

Көп адам чогулган майрам каргаша менен аяктаган окуяда эки эркек мурдагы аласа-бересеси жөнүндө сөз баштап, уруша кетишкен. Кийин алардын чатагы массалык мушташка айланган. Анын кесепетинен талаш-тартышка тиешеси жок баланын башы жарылып, ооруканага жетпей көз жумган.  Сот мушташкандардын ичинен 22 жаштагы  жигитти күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0