Сузак: жер көчкү Көк-Арт дарыясын кайрадан тосуп калды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖер көчкү.
Жер көчкү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыдан улам түндө жер көчкүнүн көлөмүн аныктоого мүмкүн болгон жок.

БИШКЕК, 3-май— Sputnik. Сузакта Көк-Арт дарыясынын жээгине түшкөн көчкү түндө жылып келип, сууну кайрадан бууп калды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов кабарлады.

Бир нече күн мурда, тагыраагы 29-апрелде, түшкөн жер көчкү алгач дарыяны тосуп калып, андан соң суу баткакты жиреп, агып кетип жаткан.

"2-май күнү саат 20:15 чамасында жер көчкү кайрадан активдешип, сүрүлүп түшүп, суунун нугун дагы бөгөп калган. Жеринде ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу жана Жарандык коргонуу комиссиясы абалды көзөмөлдөп турууда. Түндө караңгы болгондугуна байланыштуу жер көчкүнүн көлөмүн аныктоого кыйынчылык жаралды", — деп билдирген Бекилов.

Жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткен району: Сай айылына жер көчүп, 350 кожолук суусуз калды
Бирок бир нече сааттан кийин суу баткакты кайрадан жиреп өтүп, акырындык менен чыгып жатканын кошумча билдиришти. Алардын маалыматында, агып кирүүсү секундасына 30 метр куб болсо, агып чыгуу секундасына 4 метр кубду түзүп жатат.

Эске салсак, 29-апрелде болжол менен эртең мененки саат 9.30да Сузак районунун Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен 1,5 миллион метр куб жер көчкү түшүп, анын 48 000 метр кубу аталган дарыянын суусун жаап калган. Аймакка чукул кырдаал режими киргизилип, ӨКМдин тиешелүү техникасы менен кызматтары тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0