Бишкекте интернет аркылуу төшөк кызматын көрсөткөн 30 студент кыз кармалды

© AFP / Daniel LEAL-OLIVASПроект городской фермы "Growing Underground" на юге Лондона
Проект городской фермы Growing Underground на юге Лондона - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тинтүү маалында ар бир бөлмөдө эки орундуу керебеттер, жалпысынан веб-камера орнотулган монитору бар 16 компьютер табылды.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук милициясы интернет аркылуу төшөк кызматын көрсөтүп келген 30 студент кызды аныктап чыкты. Бул тууралуу шаардык ИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга "Д" аттуу бала сайт аркылуу сатылып, киреше тапкан кыздардын катышуусу менен порнографиялык материалдарды даярдап сатып жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.

"Аталган студияда веб-модель болуп иштеген кыздар видеочат аркылуу жылаңач эротикалык же порнографиялык шоу көрсөтүп келген. Аларга бардык жабдуусу менен атайын бөлмө бөлүнүп, интернет аркылуу кардарлардын кыялын орундатып турушканы, бул кызматы үчүн акча алганы анык болду", — деп айтылат маалыматта.

Милиция кыздар студияда бир нече смен болуп иштеп, ал үчүн гонорар алып турушканын кошумчалады.

Детские куклы. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жыл башынан бери интернеттен кардар издеген 64 сойку кармалды
Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 262-беренеси (Порнографиялык буюмдарды сатуу жана даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, видеоматериалдар боюнча экспертиза дайындалган.

"Натыйжада аталган үй тинтүүгө алынган маалда 28 жаштагы ушул жайдын уюштуруучусу бар болуп чыккан. Андан тышкары, шаардын ЖОЖдорунда окуган 30дай студент кыз аныкталган. Ар бир бөлмөдөн эки орундуу керебеттер, жалпы жонунан веб-камера орнотулган монитору бар 16 компьютер табылды", — дешти милициядан.

Кыздар менен жигит Октябрь РИИБине алып келинген. Тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин да интернет аркылуу сойкулук менен алектенген айылдык кыздар аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0