Үй, унаа, фирмалар. Шадиевдин УКМК камакка алган мүлкүнүн тизмеси жарыяланды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Аскарбек Шадиев
Депутат ЖК Аскарбек Шадиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскарбек Шадиев менен жакын тууганы делген Асел Шадиева 12 компанияны иштетип, беш турак жайга ээлик кылышат.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевдин жана жакын туугандарынын бар мүлкү камакка алынганы туурасында тарап жаткан маалымат туура экенин УКМК тастыктады.

Социалдык тармакта эл өкүлүнө карата тергөөчүнүн эки барак кагазга чыгарган токтомунун сүрөтү жарыяланган болчу.

Шадиев Аскарбек Алимбаевич - Sputnik Кыргызстан
Аскарбек Шадиев чет өлкөгө эмнеге чыгып кеткени белгилүү болду
Маалыматка ылайык, УКМК Шадиевдин жана анын жакын туугандарынын банктардагы эсебин, Кыргызстандын аймагындагы кыймылсыз жана кыймулдуу мүлкүн камакка алган. Мунун баары ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде жасалып жатканы жазылат.

Эми Аскарбек Шадиев менен Асел Шадиевага таандык эсептер бар болгон өлкөдөгү 25 банктагы ячейкалар тоңдурулат.

Шадиевдердин ээлик кылган мүлкү жана комниялардагы үлүшү төмөнкүчө:

— "Карвен чытыре сезона" ЖЧКсынын уставдык капиталынын 33,33 пайыздык үлүшү;

— "Бената" ЖЧКнын уставдык капиталынын 50 пайыздык үлүшү;

— "Карвен групп" ЖЧКнын уставдык капиталынын 50 пайыздык үлүшү;

— "Ларел" ЖЧКнын уставдык капиталынын 50 пайыздык үлүшү;

— "Боорсок плюс" ЖЧКнын уставдык капиталынын 100 пайыздык үлүшү;

— "Тип-Топ" ЖЧКнын уставдык капиталынын 100 пайыздык үлүшү;

— "Боорсок плюс" жана "Трейд Инвест" ЖЧКларында 100 пайыздык үлүшү бар жана кошо түптөгөн.

— "Континенталь транс сервис" ЖКЧнын уставдык капиталынын 33,33 пайыздык үлүшү;

— "Аква Инвест плюс" ЖЧКнын уставдык капиталынын 50 пайыздык үлүшү;

— "Аква Инвест" ЖЧКнын уставдык капиталынын 100 пайыздык үлүшү;

— "Союз Инвест" ЖЧКнын уставдык капиталынын 100 пайыздык үлүшү;

Сарсанаа болбогула! Сапар Исаковдун УКМКдан чыккан видеосу - Sputnik Кыргызстан
Сарсанаа болбогула! Сапар Исаковдун УКМКдан чыккан видеосу
Ошондой эле Бишкек менен Чүй облусунун аймагында жайгашкан 4 турак жайга жана бир адам жашабаган имаратка ээлик кылышат. Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа бар. Жогоруда аталган мүлктүн баары камакка алынды.

Эске салсак, Башкы прокуратура эл өкүлүн Айтматов сыйлыгын ыйгаруудагы туура эмес аракеттеринен улам мамлекетке 2 миллион 61 миң сом өлчөмүндө зыян келтирген деген кине менен 28-апрелде кылмыш ишин козгогон.

Бирок Аскарбек Шадиевдин жардамчыларынын бири ал жүрөгүнө операция жасатуу үчүн 27-апрелде чет өлкөгө чыгып кеткенин кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0