Абдышүкүр ажы Нарматовдун үйүнө ууру кирип, баласы бутуна ок жеди

© Фото / Руслан АбдрахмановИмам Абдышүкүр Нарматов
Имам Абдышүкүр Нарматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарматовдун жашаган үйү Аламүдүн районунун Көк-Жар конушунда жайгашкан.

БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. 3-май күнү таңга жуук Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматовдун үйүнө уурулар кирүүгө аракет жасады. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуянын кесепетинен Абдышүкүр ажынын баласы жаракат алган.

"Эки белгисиз адам короосуна кирип токтоп турган унаадан документтерди жана 8 миң сом акчаны алышкан. Андан соң үйдүн ичине кирүүгө жөнөшкөн. Ошол учурда Нарматовдун 21 жаштагы уулу ойгонуп калат да, чоочун кишилерди көрүп бирөөнүн артынан кууп жөнөгөн. Ошол маалда экинчиси ал жигитти белгисиз курал менен бутка аткан. Ок бутунан кыйгап өтүп, жабырлануучу олуттуу жаракат алган эмес. Ооруканага барып, медициналык жардам көрсөткөндөн кийин үйүнө чыккан", — деп билдиришти милициядан.

Абдышүкүр ажы Нарматовдун өзүнө эч ким тийген эмес. Анын жашаган үйү Аламүдүн районунун Көк-Жар конушунда жайгашкан. Окуя боюнча жабырлануучулар арыз жазып 164 (уурулук) жана 168-беренелер (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0