Базар-Коргондо эл көзүнчө бычакталган жигит боюнча милиция үн катты

Жазылуу
Автобекетте 7-майда 19 жаштагы жигит айылдашынын бычагынан каза болгон.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Базар-Коргондо бычакталган бала аялдамадагы орунтук үчүн өлтүрүлгөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

"Алдын ала маалымат боюнча 19 жаштагы жигитти далыга сайган бала мас болгон. Алар аялдамада орунтук талашып чатакташа кеткен", — деп милициядан маалымдашты.

Базар-Коргондо 19 жаштагы жигитти бычактап жаткан учур видеого түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Базар-Коргондо 19 жаштагы жигитти бычактап жаткан учур видеого түшүп калган
19 жаштагы жигитти бычактаган киши күбөлөр тарабынан кармалган.

Буга чейин күбөлөр жерде канга боёлуп жаткан кишинин видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу жиберишкен.

Кийин шектүү менен маркум Базар-Коргон районундагы Арсланбап айылынын тургундары экени аныкталган. Кандуу окуя болгон учур дагы видеокамерага түшүп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0