БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кортежиндеги эки жолтандабас жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты (ЖКККББ).
Маалыматка караганда, окуя 7-май күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда болгон. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. ЖКККББдан толугураак маалымат кийинчерээк берилерин убадалашты.
Майышып калган Lexus үлгүсүндөгү унаалардын сүрөтүн адвокат Улан Жумаков Twitter баракчасына жүктөдү.
Два внедорожника из кортежа премьер-министра М.Абылгазиева попали в ДТП
— Улан Джумаков 🇰🇬 (@UlanDzhumakov) May 8, 2018
ДТП с участием автомобилей «Тойота Лэнд Крузер 200» и «Лексус LX570» произошло 7 мая во время рабочей поездки главы правительства по Узгенскому району. Жертв и пострадавших в аварии нет. pic.twitter.com/2GlLxrWvv3
Белгилей кетсек, премьер-министр Ош менен Жалал-Абад облустарына иш сапар менен кеткен.