БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Тамакка ууланган спортчулар Чолпон-Атада өтүп жаткан кикбокс боюнча Азия чемпионатына келген. Бул тууралуу аталган федерациянын президенти Александр Воинов билдирди.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Ысык-Көлдөгү "Аврора" санаторийинде 18 киши, анын ичинде чет элдик жети спортчу ууланганы айтылган. Алардын бири Ирандын, алтоо Бириккен Араб эмирлигинин жараны.
Воиновдун айтымында, мушкерлердин абалы туруктуу, мелдешке чыгат.
"Араб эмирлигинен келген спортчулардын саламаттыгы дурус, алар чемпионатка катышат. Ирандык спортчу тууралуу азыр айта албайм. Катышаар-катышпасы кечинде белгилүү болот. Ушул тапта чемпионаттын чейрек финалы өтүп жатат", — деди машыктыруучу.
Саламаттык сактоо министрлиги санаторийде берилген тамактардын үлгүлөрү алынып, экспертизага жөнөтүлгөнүн жана анын жыйынтыгы 3-4 күндөн кийин белгилүү боло тургандыгын кошумчалаган.Кикбокс боюнча Азия чемпионаты 8-12 май күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтөт. Мелдеште 20 өлкөнүн спортчулары күч сынашууда. Мелдеш Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги, Азиянын Кикбокс конфедерациясы (WAKO-ASIA) жана КРдин Кикбокс федерациясы тарабынан уюштурулууда.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Баткендеги Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары сейрек кездешкен жаныбарларды алып өтүүгө аракет кылгандарды кармады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кадамжай районуна караштуу Жаңы-Жер айылында чек арачылар 49 жаштагы Т.Н. аттуу жарандын Toyota үлгүсүндөгү унаасын байкашкан.
"Текшерүү учурунда унаанын ичинде 1 жаштан 4 жашка чейинки мүйүзү кесилген беш элик табылды. Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн айдоочу менен өзбекстандык жүргүнчү кармалды. Сурак учурунда алар эликтерди Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылышканын билдиришкен. Айдоочунун жаныбарларга документи болгон эмес. Беш эликтин баасы такталып жатат", — дешти УКМКдан.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин жаныбарлар компетенттүү органдарга өткөрүп берилген.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кар көчкүдөн улам Каракол — Эңилчек унаа жолу 25-апрелге чейин жабылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Кар көчкү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна кечээ саат 15:00дөр чамасында түшүп, жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн №11 жол тейлөө ишканасынан бир жүктөгүч тартылган.
Ушу тапта тазалоо иштери уланууда.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Пандемияда иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөө үчүн 200 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу түз эфирде маалымдады.
Ал медиктердин компенсация талап кылып митингге чыгышын өкмөт туура кабыл алганын белгиледи.
"Урматтуу медицина кызматкерлери, сиздер адам өмүрү менен алышып жүрүп, өзүңүздөр дагы ооруп калып жатасыздар. Ошондуктан бардык документтериңизди чогултуп, кайрадан комиссияга тапшырыңыздар. Бул маселе чечилет. Былтыр кандай абалда калганыбызды билебиз. Эң биринчи Кудайдын, андан кийин дарыгерлердин көзүн караганбыз. Азыр компенсация албай калган медиктердин маселесин чечүү боюнча бизге президент тапшырма берди. Жакынкы күндөрү бюджеттен 200 миллион сом бөлүү боюнча чечимди даярдап жатабыз", — деди өкмөт башчы.
Ошондой эле Марипов кыргызстандыктарга өлкөдөгү эпидемиологиялык абал кескин начарлап жатканын эскертип, санитардык эрежелерди сактоого чакырды.
Белгилей кетсек, 16-апрель күнү ондогон медицина кызматкери Ак үйдүн жана Өкмөт үйүнүн жанында акция өткөрүшкөн. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылган. Митингчилерди биринчи вице-премьер Артём Новиков кабыл алган болчу.