"Аврорада" уулангандар боюнча кылмыш иши козголобу? Милициянын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие уголовного дела в КР
Открытие уголовного дела в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уулангандардын ичинен жетөө чет элдик спортчулар.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун ИИББинин маалымат кызматы кикбоксинг боюнча Азия чемпионатына катыша турган чет элдик жети спортчунун уулануусу боюнча үн катты.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Ысык-Көлдөгү "Аврора" санаторийинде 18 киши, анын ичинде чет элдик жети спортчу ууланганы айтылган. Алардын бири Ирандын, алтоо Бириккен Араб эмирлигинин жараны.

"Аталган факты бизде катталды. Дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы чыккандан кийин юридикалык баа берилет", — деп ШИИБден айтышты.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги экспертиза бир нече күндү талап кыларын маалымдаган.

Кикбокс боюнча Азия чемпионаты 8-12 май күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтөт. Мелдеште 20 өлкөнүн спортчулары күч сынашууда. Мелдеш Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги, Азиянын Кикбокс конфедерациясы (WAKO-ASIA) жана КРдин Кикбокс федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0