Баткенде мас болуп чуу салган 685 киши жазаланды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАлкоголдук ичимдик ичип жаткан адам. Архив
Алкоголдук ичимдик ичип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандарга административдик протокол толтурулуп, тийиштүү чаралар көрүлгөн.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Баткен облусунун Кайгуул күзөт кызматы жыл башынан бери коомдук жайларда мас абалында укук бузган 685 жаранды, майда бейбаштык аракеттерди жасаган эки атуулду кармады. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Ношение оружия в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Мас болуп жумуштан алынып, кайра ордуна келген милиционер тапанчасын жоготуп ийди
Билдирүүдө кармалгандарга административдик протокол толтурулуп, тийиштүү чаралар көрүлгөнү айтылат.

Мындан сырткары, Кайгуул күзөтчүлөр милиция кызматкерлери менен биргеликте 35 кылмыштын бетин ачууга көмөк көрсөтүшкөн. Ал эми 5-февралда Исфананын 2-кичи районундагы турак жайды атайлап өрттөөгө шектелген кишини кармап беришкен.

Кайгуул күзөт кызматы облустун район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө коомдун коопсуздугун жана ички тартипти сактоо максатында профилактикалык иштерди жүргүзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0