Чүй облусунда бир топ ири кылмыштын бети ачылды

Жазылуу
Жылдын биринчи кварталында ыкчам иликтөө аракеттеринен жыйынтыгында облус боюнча 141 кылмыштын бети ачылды.

БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. Чүй облусунда бир нече ири кылмыштын бети ачылгандыгын облустук милициядан кабарлашты.

"Ири көмөлдөгү уурулук боюнча үч шектелүүчү кармалган. Октябрдан январга чейин трансформатор майын уурдоо боюнча 16 факты катталды. Шектүү катары 40 жаштагы адам кармалгандан кийин май уурдоо токтоду. Ошондой эле уурулук кылып жүргөн 22 топ колго түштү", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, 2017-жылы декабрь айында сөөгү Александровка айылынан табылган 45 жаштагы адамдын өлүмүнө шектелген эки адам колго түшкөн. Үчүнчү шектелүүчү жыл башында каза болгону белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0