Бишкекте майып балдарга деп сатып алынган 10 смартфон уурдалды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүПрезентация новых смартфонов Nokia и и обновленной Nokia 3310 в Москве
Презентация новых смартфонов Nokia и и обновленной Nokia 3310 в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир телефонго 5 820 сом жумшалган.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бишкекте майып балдарга арналган он самртфон уурдалганын Sputnik Кыргызстан агенттигине активист Айнагүл Абдрахманова билдирди.

Анын айтымында, телефондорду сатып алууга атайын каражат чогултулган. 13-май күнү ал 10 смартфондун ар бирин 5 820 сомго сатып алган. Абдрахманова аларды Оштогу майып балдарга алып барып бермек. Саат 17.00дөр чамасында ал Исанов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жарым саатка машинасынан чыгып кеткен. Кайра келгенден кийин аял телефондорду таппай калган.

"Машинаны талкалап деле киришпептир. Биз балдардын IT-академиясына өтүшү үчүн эки ай бою компьютер пайдаланууну үйрөткөнбүз", — деди Абдрахманова.

Сейфтеги акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги соода борбордон миллион сом уурдалды. Шектүү кармалды
Активист Ленин райондук милициясына кайрылганын, ал жактан аялды "Тыныстанов менен Жибек Жолунун кесилишиндеги" милиция бөлүмүнө жиберишкенин, алар Биринчи Май РИИБине жолдошконун белгиледи.

Абдрахманова бүгүн Ошко командировкага чыкканын кошумчалады. Ал арызды үйүнөн жазып, милицияга жолдошу кайрыларын, гаджеттердин imei-коддору менен чектерди көрсөтөрүн айтып өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0