Милиция нааразы. Боомдо үч адам жабыркаган жол кырсыгына тез жардам келбей койду

© Фото / пресс-служба УОБДД ГУВД Чуйской областиДТП около Боомского ущелье
ДТП около Боомского ущелье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 106-чакырымында Nissan Cefiro унаасы ала салган.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Боом капчыгайынын жака белинде болгон жол кырсыгына Тез жардам кызматы келбей койду. Бул туурасында Чүй облустук милициясынын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Бүгүн, 15-майда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 106-чакырымында Nissan Cefiro унаасы ала салып үч адам жаракат алган. Алар эркек киши, аял жана жаш бала болчу. 

“Кырсык болгон жерге биздин кызматкерлер барып, тез жардам чакырган. Бирок ал келбей койду. Анан өздөрү Кеминдеги ооруканага алып барышса, ал жер жабык экен. Мындан улам жабырлануучуларды Токмокко жеткиришти. Тез жардамдын мындай мамилеси көңүлүбүздү суутту”, — деп билдиришти милициядан. 

Саламаттык сактоо министрлиги бул боюнча кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0